Сот аткаруучуларга гонорар төлөө эрежеси өзгөрөбү?
Башкы прокуратура сот аткаруучуларга гонорар төлөө тартибин өзгөртүүнү пландап жатканын Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, учурда өндүрүлгөн каражаттын 10%ы кармалып, анын бир бөлүгү кийин сот аткаруучуларга айлык маянасына кошумча гонорар катары берилет.
"Биз изилдөө жүргүзүп, ири суммалар негизинен Бишкек жана Чүй облусунда өндүрүлөрүн аныктадык. Ошондуктан айрым кызматкерлер 1 млн сомго чейин алышкан. Ал эми аймактарда мындай мүмкүнчүлүк жок — алар 23 миң сом айлык менен гана иштеп жатышат. Миллиондогон аткаруу баракчалары жок болгондуктан, кадрлар кетип жатат, учурда 20 бош орун бар", — деди ал.
Жаңы тартипке ылайык, өндүрүлгөн 10 пайыздык каражат эми бардык сот аткаруучулардын ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
Ошондой эле ал Башкы прокуратура демилгелеген мыйзам долбоору менен киргизиле турган жеке сот аткаруучулар айлык акы албай турганын, бирок алардын гонорары өндүрүлгөн сумманын 3%дан 25%ына чейин түзөрүн кошумчалады.
Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2025-жылы сот аткаруучулар 196 млн сом өндүргөн.