Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Кыргызстанда эсептик чен жарыяланган жогорулатууга карабастан, аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн бойдон калганын маалымат жыйында Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясында эсептик чен 15,5%дан жогору деңгээлде сакталууда.

"Эки жума мурда Россиянын Борбордук банкы эсептик ченди төмөндөтүү чечимин кабыл алган. Бирок ошого карабастан, ал 15,5%дан кыйла жогору бойдон калууда", — деди ал.
Казакстанда базалык чен 18%ды, Өзбекстанда 14%ды түзөт.

"Ошентип, Кыргызстанда бүгүн жарыяланган эсептик чендин жогорулатылышына карабастан, ал биздин аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнү болуп саналат", — деди Козубеков.

Буга улай ал Россияда инфляициянын деңгээли болжол менен 5,9%ды, Казакстанда 12,2%ды, Өзбекстанда 7,2%ды түзөрүн маалымдады.

"Айрым өлкөлөрдүн ички факторлорун эске албаганда, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү инфляциялык фон жалпысынан окшош — 8 пайыздан 12 пайызга чейин", — деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

"Инфляция — глобалдык көйгөй. Ага биздин аймактагы бардык өлкөлөр туш болууда. Ар бир борбордук банк ички экономикалык шарттарга жараша эсептик чен жана акча-кредит саясаты боюнча чечим кабыл алат", — деп белгиледи ал.

Козубековдун пикиринде, эсептик чендин азыркы 12%га жакын деңгээли өлкө экономикасы үчүн оптималдуу.

Эсептик чен  — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга насыяларды бергенде жана алардан депозиттерди кабыл алганда колдонулган эң төмөнкү пайыздык чен.

Эгер эсептик чен жогоруласа — насыялар кымбаттайт жана инфляция басаңдашы мүмкүн.
Эгер төмөндөтүлсө — насыялар арзандап, экономикалык өсүшкө түрткү берет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү