И.Кубанычбеков: Кыргызстан пахтасын экспорттоодо көйгөй бар
Жогорку Кенештин пленардык жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, дыйкандардын эмгеги жана аракети тийиштүү деңгээлде бааланбай келет.
Айрыкча пахта өстүргөн фермерлер оор абалда. "Фермерлер өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттой албай жатышат жана Кыргызстан ичинде да аны ылайыктуу баада сата алышпайт", — деди ал.
Мындан тышкары, депутат фермерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү өтүндү. Анын белгилешинче, бул дыйкандарга жазгы айдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө жана чыгымга учурабоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул маселе Эрлист Акунбековду Айыл чарба министри — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындоо маселеси каралып жаткан учурда көтөрүлдү.