"Кыргызнефтегаз" ААКсына Самсаалы Четимбаев жетекчи болду
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги(ММБМА) билдирди.
Маалыматка ылайык, дайындоо чечимин компаниянын директорлор кеңеши кабыл алган. Четимбаевдин талапкерлигин коомдун негизги акционери катары ММБМА сунуштап, андан соң аны Министрлер кабинети макулдашкан. Жаңы жетекчини жамаатка мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бекзат Абдикахаров тааныштырды.
"Кыргызнефтегаз" стратегиялык объект макамына ээ болуп, өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирет. Ишкана Кыргызстандын түштүк аймагындагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда негизги роль ойнойт.
Жаңы жетекчиликке өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоо, мунай жана газ өндүрүү көлөмүн көбөйтүү милдеттери коюлду. Ошондой эле өндүрүш процесстерин башкарууга заманбап санариптик технологияларды киргизүү артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.