Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

2027-жылдын 1-апрелине пландалган Казып алуучу тармактардын ачыктыгы боюнча эл аралык демилгенин (КТАЭД)) кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Ведомство тоо-кен тармагындагы ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдалануучулар жана компаниялардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтарды ачыктоо иштерин улантууда.

Кыргызстан глобалдык КТАЭДге 2004-жылы кошулган, ал эми 2011-жылы расмий "ишке ашыруучу өлкө" макамын алган. Лицензиялар тууралуу маалыматтарды милдеттүү жарыялоо сыяктуу ачыктык принциптери "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда бекитилген. 2024-жылдын февралында КТАЭДдин башкармалыгы Кыргызстандын ишин 57,5 балл менен баалаган.

Учурда министрлик ачык жеткиликтүү Бирдиктүү жер казынасын пайдалануучулардын реестрин жүргүзүүдө. Ал ведомствонун сайтында жайгашып, тоо-кен ишканаларынын ээлери тууралуу актуалдуу маалыматтарды камтыйт.

Жаңы текшерүүгө даярдык 2023-жылдагы стандартка өтүүнү камтыйт. Бул стандарт маалыматтарды ачыктоого коюлган талаптарды кыйла кеңейтет: экологиялык көрсөткүчтөрдү, гендердик аспектилерди жана "жашыл" өтүү маселелерин кошот. КТАЭДдин сунуштарын ишке ашыруу Министрлер кабинети тарабынан 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияга да киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы