Кыргызстанда айыл чарба багытында 13 млрд 180 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат

Кыргызстанда айыл чарба багытында 13 млрд 180 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 мамлекеттик долбоор ишке ашырылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген каражаттар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу дыйкандарга, фермерлерге жана агробизнес өкүлдөрүнө берилет.

Каржылоо долбоорлорунун негизги багыттары:

  • "Айыл чарбасын каржылоо-14": Жазгы-күзгү талаа жумуштарына 2,4 млрд сом каралган. Үстөк пайызы — 6%, мөөнөтү — 3 жыл. Бүгүнкү күнгө карата 125 млн сом көлөмүндө 194 насыя берилди.
  • "Агроөнөр жай комплексин насыялоо": Кластердик бирикмелер үчүн 2,1 млрд сом бөлүнгөн. Пайызы — 6%, мөөнөтү — 5 жылга чейин.
  • Асыл-тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк: Бул тармактарга үстөк пайызы болгону 3% менен кредиттер берилет. Асыл-тукум чарбаларына 1,2 млрд сом, үрөнчүлүккө 100 млн сом багытталган.
  • Эт кластерин өнүктүрүү (Чүй облусу жана Бишкек): Ири мүйүздүү малды бордоп семиртүүгө 1,5 млрд сом каралган (3%, 5 жылга).
  • Суу үнөмдөөчү технологиялар: Тамчылатып сугаруу тутумдарын киргизүүгө 500 млн сом бөлүнөт. Бул долбоор эң төмөнкү — 2%дык чен менен берилет.
  • Лизингдик программа: Айыл чарба техникаларын алууга 499 млн сом каралган (6%, 7 жылга).
  • Аймактык кластердик өндүрүш: Агрегаторлорду колдоого 3,8 млрд сом багытталат (2%, 5 жылга). Учурда долбоор макулдашуу баскычында.

Министрликтен белгилешкендей, бул долбоорлор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү