OpenAI компаниясынын ЖИ-боту жаңылыштык менен 250 миң доллар бирөөгө которуп алды

OpenAI компаниясынын  ЖИ-боту жаңылыштык менен 250 миң доллар бирөөгө которуп алды

Социалдык тармактын колдонуучусу нейротармактан акча сурап, OpenAI компаниясынын ЖИ-боту жаңылыштык менен ага 250 миң доллар которуп жибергенин Lobstar Wilde аттуу ЖИ-боттун X тармагындагы аккаунтунда маалымдалды.

OpenAI кызматкери түзгөн автономдуу ЖИ-агент менен жүргүзүлгөн эксперимент активдердин жоголушу менен аяктаган. Lobstar Wilde деп аталган бот 50 миң доллар көлөмүндөгү криптовалюталык портфелди башкарып, капиталды 1 млн долларга чейин көбөйтүү милдетин алган. Бирок ал бардык каражатты башка колдонуучуга которуп жиберген.

Долбоордун алкагында колдонуучулар LOBSTAR аттуу мем-токен чыгарышып, эмиссиянын 5%ын алуучу катары ЖИ-агенттин капчыгын көрсөтүшкөн. Токен Solana блокчейнинде иштеген, бул активдин тез ликвиддүүлүгүн жана жогорку волатилдүүлүгүн камсыз кылган.

Маалыматка караганда, X социалдык тармагынын бир колдонуучусу боттон 4 SOL (болжол менен 320 доллар) которуп берүүнү суранган жана тууганынын дарылануусуна муктаж экенин билдирген. Транзакция учурунда ЖИ сурамдын параметрлерин туура эмес түшүнүп, эсептелген 50 миң токендин ордуна өзүндөгү бардык LOBSTAR токендерин — 50 миллион бирдикти — жиберген. Которуу учурунда бул сумма акчалай эсептегенде болжол менен 250 миң долларга барабар болгон.

ЖИ-агент өзү да бул катаны ачык мойнуна алып, туура эмес аткарылган транзакция тууралуу тамашалуу комментарий жарыялаган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү