Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт
Президенттин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген тапшырмалардын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Аталган жарлык жана министрликтин протоколдук тапшырмалары агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Негизги багыттардын бири — фермерлерди кооперативдерге бириктирүү аркылуу чарбаларды ирилештирүү жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 5 балык чарба кооперативи түзүлдү:
- "Фиш Сары-Челек" (Аксы району, 20 мүчө);
- "Рязань Форель" (Аксы району, 4 мүчө);
- "Радужка" (Токмок токойчулугу, 5 мүчө);
- "Рыбовод" (Токмок токойчулугу, 17 мүчө);
- "Спартак Форель" (Токмок токойчулугу, 8 мүчө).
Чүй токой-аңчылык чарбасынын Токмок токойчулугунда токой фондунун аймагында балык чарбачылыгын жүргүзүү үчүн 131 субъект менен келишим түзүлгөн.
Анын ичинен:
- 30 чарба иштеп жаткан кооперативдердин курамына кирген;
- 20 субъект ишмердүүлүктүн башка багыттарына өткөн;
- ал эми калган чарбалар 8 пландалган кооперативге бөлүштүрүлгөн.
Мындан тышкары, Токмок токойчулугунун аймагында дагы кошумча балык чарба кооперативин түзүү пландалууда. Учурда кооперативдерди түзүү жана чарбаларды ирилештирүү боюнча иштери улантылып жатат.