Былтыр Лейлектин Кең-Талаа айылындагы 100 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
2025-жылы Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа айыл аймагында 100 гектар жер аянтына заманбап тамчылатып сугаруу системасы толук орнотулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун алкагында көлөмү 12 000 м³ болгон 1 даана суу резервуары курулуп, сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлдү.
Мындан тышкары, Аракет айыл чарба коммерциялык кооперативи менен түзүлгөн келишимдин негизинде бак-дарактарды өстүрүү максатында 36 гектар жер аянты бөлүнүп берилди. Учурда Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринен алынып келинген жогорку сапаттагы өрүк көчөттөрү (Приция, Вандеркот сорттору) отургузула баштады.
Тамчылатып сугаруу системасы салттуу ыкмаларга салыштырмалуу сууну 40–60%га чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Суу түздөн-түз өсүмдүктүн тамырына жеткирилгендиктен, буулануу жана агып кетүү азаят.

Муну менен өсүмдүк үзгүлтүксүз жана өлчөмдүү нымдуулук менен камсыз болуп, анын өсүшү бир калыпта жүрөт. Натыйжада түшүмдүүлүк 20–50%га чейин жогорулайт.
Бул долбоор аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортко багытталган сапаттуу продукция өндүрүүгө өбөлгө болот.