Мамлекеттик салык кызматы 4 179 куту жараксыз татууларды аныкташты
Мамлекеттик салык кызматы мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда инспекторлор 4 миң 179 куту мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды аныкташкан. Жүктүн жалпы салмагы болжол менен 11 тоннаны түзгөн. Бирок коштоочу документтерде ташуучу 7 тонна гана деп көрсөткөн.


Бузулган азык-түлүктөрдөн тышкары, унаанын ичинде декларацияланбаган башка товарлар да табылган:
- боёк жана грунтовкалар;
- суукка чыдамдуу кошулмалар жана тездеткичтер;
- гидроизоляциялык материалдар;
- арматуралар.
Салык кызматынын кызматкерлери кармоо болгон жерде тиешелүү актыларды түзүштү. Унаа пломбаланып, убактылуу айып короосуна токтотулду. Бардык материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.