Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт
МинКаб 100% мамлекеттик катышуу менен "Кыргыз спутник" аттуу ачык акционердик коомду түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Чечим экологиялык мониторинг жүргүзүү, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, стратегиялык мааниге ээ минералдарды издөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүүгө багытталган.
Документке ылайык, коомдун уставдык капиталы 100 миң сомду түзөт. Ал ар бири 1 миң сом номиналдык баадагы 100 даана жөнөкөй аталыштагы акцияларды чыгаруу жолу менен түзүлөт. Мамлекеттин атынан негиздөөчү жана жалгыз акционер болуп Айыл чарба министрлиги аныкталды.
Министрликке жаңы акционердик коомду мамлекеттик каттоодон өткөрүү, акциялардын чыгарылышын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына каттатуу, ошондой эле уставын иштеп чыгып бекитүү тапшырылды. Ошондой эле токтомдон келип чыккан башка чараларды жүзөгө ашыруу милдети жүктөлдү.
Каракол мэриясына министрлик менен биргеликте "Кыргыз спутник" имаратын куруу үчүн жер тилкесин коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен акысыз пайдаланууга берүү сунушталды.
Финансы министрлиги уставдык капиталды түзүүгө 100 миң сом бөлөт жана 2026–2028-жылдарга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алат.