Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?
МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко да колдонулат.
0% КНС колдонулуучу товарлар:
- үй тоокторунун инкубациялык жумурткалары;
- тирүү ири мүйүздүү мал;
- ири мүйүздүү малдын эти;
- арпа, сулу;
- саман жана тоют өсүмдүктөрү (мезгилдүү учурда).
Мындан тышкары, өсүмдүк майын жана канаттуулар менен балыкка тоют өндүрүү үчүн арналган чийки заттардын тизмеси бекитилди. Аларга төмөнкүлөр кирет:
буудай, жүгөрү сыяктуу дан өсүмдүктөрү; соя буурчактары; рапс уругу; шрот; балык майы; ачыткы; аминокислоталар; витаминдер жана бир катар тоют кошулмалары.
Балык тоютуна өзүнчө норма
2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттарды жеткирүүгө КНСтин 0% ставкасы колдонулат (ТЭИ ТН коддору 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609), эгерде тоют өндүрүүчү аны балык өстүрүү менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүгө түз жеткирсе.
Токтом менен буга чейин кабыл алынган 0% КНС тууралуу нормалардын мөөнөтү 2025-жылдан 2027-жылга чейин узартылды. Салык салынууОшол эле учурда 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтом күчүн жоготту деп табылды.