Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө.

Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин эсептелген жана жыл сайын чакан жана орто бизнеске берилген насыялардын пайыздык ченин субсидиялоону карайт. Жеңилдетилген насыялар төрт банк тарабынан берилет. Каражаттарды инвестициялык максаттарга, жүгүртүү каражаттарын толуктоого жана мурда алынган насыяларды кайра каржылоого пайдаланууга болот.

Мамлекеттик колдоонун негизги багыты өлкөнүн ички дүң продукциясынын болжол менен 50%ын түзгөн чакан жана орто бизнеске багытталган.

Ошондой эле каражаттын 60%ы аймактардагы бизнести колдоого, 40%ы аял ишкерлерди колдоого жумшалат. Экспортко багытталган тармак катары тигүү өнөр жайы артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет.

Программанын алкагында стартаптарды колдоо да каралган. Быйыл жалпы насыя портфели 3,7 млрд сомду түзөрү маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети