Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду
2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат.
2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү.
Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр металл буюмдарына (машиналар менен жабдууларды кошпогондо) туура келди — 34 101,2 млн сом же тармактын жалпы көлөмүнүн 66,6%.
Экинчи орунда тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки продукциялары турат — 8 091,6 млн сом (15,8%).
Резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү 4 144,0 млн сомду (8,1%) түздү.
Мунайды кайра иштетүү продуктылары 2 113,7 млн сомго (4,1%) жетти.
Ал эми текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим тигүү, тери жана булгаары буюмдарын чыгаруу 1 172,5 млн сомду түзүп, бул жалпы көлөмдүн 2,3%ын түздү.