Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады
Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды.
Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик кызматтар жана такси кызматтарынын жардамы менен сатылып турган.
Рейддин жыйынтыгында 3 миңден ашык даана тыюу салынган никотин камтыган буюмдар убактылуу алынган. Алардын жалпы баасы 3 млн сомдон ашат. Алынган товарлар мындан аркы териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.