Дүйнөлүк рынокто алтын баасы 3%га жогорулады

Дүйнөлүк рынокто алтын баасы 3%га жогорулады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дээрлик 3%га өскөнүн Investing.com платформасынын маалыматына таянып, Известия билдирди. 

Анда белгиленгендей, бул арада алтындын унциясы 5 миң 397,85 долларга жетти.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияны баштады. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына жана Израилдин шаарларына сокку урду. Чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр жабыркады. Ошондой эле, күн мурун Израилдин чабуулдарынан улам Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону маалым болду.

Адистердин айтымында, геосаясий туруксуздук күчөгөн учурда инвесторлор коопсуз актив катары алтынга көбүрөөк каражат сала башташат. Бул өз кезегинде баанын өсүшүнө алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россияда алгач ирет картошка чипстерине мамлекеттик стандарт — ГОСТ киргизилип жатат. Ал 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул стандартка алты постсоветтик өлкө, анын ичинде Кыргызстан да кошулганын Росстандарт маалымдады. Маалыматта айтылгандай, картошка чипстери кеңири тараган популярдуу азык болгону менен, буга чейин бул продуктка бирдиктүү талаптарды аныктаган документ болгон эмес. Жаңы мамлекеттер

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду. Эдил Байсалов Кыргызстанда

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин  экологиялык жактан таза электробустар тейлейт. Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт. Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

Болгону бир нече жыл мурун QR коду менен төлөмдөрдү жүргүзүү Кыргызстанда технологиялык эксперимент катары каралчу. Бүгүнкү күндө QR ири чекене соода түйүндөрүнөн баштап чакан дүкөндөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө чейин эң кеңири таралган төлөм ыкмаларынын бирине айланды. Бул өзгөрүү көбүнчө алты жылдыгын белгилеп жаткан улуттук ELQR системасынын өнүгүшүнө байланыштуу. Баштапкы чекит