Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 36,3 млн долларга жеткен
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 37%га өскөн. Эгер 2024-жылы ал 58 млн доллардан ашык болсо, 2025-жылы дээрлик 80 млн долларга жеткен.
Мындай өсүш Кыргызстандын Иранга болгон экспортунун көбөйүшү менен шартталган. Экспорт бир жыл ичинде эки эсеге өсүп, 2024-жылдагы 18,3 млн доллардан 2025-жылы 36,3 млн долларга жеткен.
Импортто да оң динамика байкалат, бирок өсүш азыраак: 2025-жылы 43,5 млн долларды түзсө, 2024-жылы 40 млн доллар болгон.
Негизинен Кыргызстан Ирандан жабдууларды, химиялык продукцияны, азык-түлүктү, курулуш материалдарын жана текстилди сатып алат. Ал эми Иранга жашылчаларды, азык-түлүктү, жабдууларды жана пахтаны экспорттойт.