Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттолгонун Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Өзбекстан 12 мамлекетке жалпысынан 45,2 миң тонна помидор сатып, 36 млн доллар өлчөмүндө киреше тапкан. 2024-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 3,3 миң тоннага азайган.

Өзбек помидорунун негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү болду. Россия 32 миң 786 тонна, Казакстан 6 миң 850 тонна продукция импорттогон. Кыргызстан 5 миң 115 тонна менен алдыңкы үчтүккө кирди.

Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарына 325,8 тонна, Тажикстанга 48,2 тонна жөнөтүлүп, башка өлкөлөргө 81,6 тонна экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355,8 млрд сомго жеткенин облус башчысы Азамат Осмонов билдирди. Анын айтымында, облустун ички дүң продукциясы 205 млрд соомду түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12% өсүштү көрсөттү. “Биздин облус активдүү түрдө өнүгүп жатат. Мында кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

Kaktus.mediaга жүк авиажеткирүүлөр менен алектенген "КАП Кей Джи" компаниясынын кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатканын билдиришкен. 2026-жылдын 1-мартына карата эмгек акы боюнча жалпы карыз 1 млн 249 миң 783 долларды түзөт. Мындан тышкары, компаниянын дагы көп миллиондук карыздары жана аткарылбаган милдеттенмелери бар экени айтылууда. Жалпысынан 37 кызматкер

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен