Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду
Россияда алгач ирет картошка чипстерине мамлекеттик стандарт — ГОСТ киргизилип жатат. Ал 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул стандартка алты постсоветтик өлкө, анын ичинде Кыргызстан да кошулганын Росстандарт маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, картошка чипстери кеңири тараган популярдуу азык болгону менен, буга чейин бул продуктка бирдиктүү талаптарды аныктаган документ болгон эмес.
Жаңы мамлекеттер аралык стандарт табигый картошкадан же аны кайра иштетүүдөн алынган чийки заттан термикалык иштетүү же экструзия ыкмасы аркылуу даярдалган, май менен же майсыз куурулган же бышырылган, кошумча азыктык ингредиенттер менен же аларсыз даярдалган, герметикалык таңгакка салынган жана түздөн-түз колдонууга арналган чипстерге жайылтылат.
ГОСТ чипстердин сырткы көрүнүшүн, түсүн, даамын, жытын, ошондой эле май менен туздун жол берилген көлөмүн да аныктайт.
Стандарт боюнча өндүрүлгөн чипстер кытырак, үбөлөнгөн болушу, белгилүү бир түрүнө мүнөздүү даам жана жытка ээ болушу керек. Табигый картошкадан жасалган чипстерде майдын үлүшү 45%дан ашпоого тийиш. Ал эми кайра иштетилген картошка продукцияларынан же жарым фабрикаттардан жасалган чипстерде майдын үлүшү 35%дан ашпашы керек.
Бул ГОСТко Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да кошулган.