Парламентте асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргызстанда асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу сунушталууда.
Ошондой эле жыйында "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" мыйзам долбоору дагы каралып, экинчи окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен бир топ жаңы түшүнүктөр ("геомаалымат системасы", "геомаалыматтык технологиялар" ж. б.) киргизилүүдө.
Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары такталууда.