Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды
МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2027-2030-жылдарга карата мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программага байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган программанын иш-аракеттер планы, окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды.
Анын жүрүшүндө агартуу министрлигинин өкүлдөрү окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Эксперт” аттуу автоматташтырылган маалымат системасын сунушташты.
Өз кезегинде, Улан Маматканов мамлекеттик программанын долбоорун сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуу боюнча көрсөтмөлөрдү берип, эксперттик топторду түзүү жана алардын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу багытында ырааттуу иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле окуу китептерине алгачкы буйрутма берүүдөн баштап, аларды басып чыгаруу, таратуу жана түздөн-түз колдонуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.