Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Синьцзян аймагында өткөн Ишкер кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы маалымдады.
Жыйында ал кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө ишкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгаруу, жаңы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Анын айтымында, Кыргызстанда кытай капиталы катышкан 1200дөн ашык компания иштеп, Кытайдан тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 2 миллиард доллардан ашты.
Ошондой эле Темир Сариев Синьцзянда жана Бишкекте кезектешип көргөзмөлөрдү өткөрүүнү, жаңы темир жолдун боюндагы өнөр жай зоналарын инвесторлорго тааныштырууну жана арбитраждык институттардын кызматташтыгын өнүктүрүүнү сунуштады.