Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду
Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтык багытында бир катар жетишкендиктер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандан бир катар айыл чарба продукциялары чет өлкөлөргө экспорттолгон. Тактап айтканда, Орусияга 40 тонна беде үрөнү, Жапонияга 1500 тонна "Лагенария" ашкабак үрөнү жөнөтүлгөн. Ошондой эле Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы 23 тоннасы экспорттолуп, Өзбекстанга "Октябрьская 70" жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай иштер Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын эл аралык рыноктордо таанытууга, сапаттуу продукцияны экспорттоого жана фермерлер үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө багытталган.
Ошондой эле министрлик экспортту кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча долбоорлорду мындан ары да улантууну пландап жатат. Адистердин айтымында, бул аракеттер жергиликтүү өндүрүштү колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маанилүү салым кошот.