Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Бишкек шаарында "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Бул конференция Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чара пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды жайылтууга жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Конференцияны кытайлык Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясы уюштурду. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Элвира Акунбеков, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин, кытай компаниясынын өкүлдөрү жана тармактык адистер катышты.

Иш-чаранын алкагында Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюлду.

Пион — бул кооз гүлдүү көп жылдык өсүмдүк. Илимий аталышы Paeonia болуп, багбанчылыкта декоративдүү гүл катары кеңири өстүрүлөт. Айрым өлкөлөрдө пион гүлүн өстүрүү чоң агрардык тармак болуп эсептелет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти