Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо
Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүпландалууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, палатанын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Жолугушууда тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү аркылуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин көбөйтүү ниети айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча биргелешкен иштерди активдүү улантууну макулдашты. Эксперттердин айтымында, мындай кадамдар кыргыз ишкерлери үчүн Түштүк Азия базарларына чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
