Россиянын SPOT системасы кыргызстандык ишкерлерге кандай таасир этет?

Россиянын SPOT системасы кыргызстандык ишкерлерге кандай таасир этет?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда Россия тарабынан SPOT системасы киргизилип жатканы тууралуу айтып берди.

Такировдун айтымында, бул системаны киргизүү тууралуу чечим Россия өкмөтүнүн 2025-жылдагы токтому менен кабыл алынган. Максаты — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы товар агымын көзөмөлдөөнү күчөтүү. Анын айтымында, бул системаны Союздун башка катышуучулары буга чейин эле колдонуп келишет.

"Россия биздин негизги соода өнөктөшүбүз болгондуктан, бул жаңылык түздөн-түз биздин экспорттоочуларга таасир этет. SPOT системасынын негизги талабы — жүктү кабыл алуучунун болушу милдеттүү", — деди ал.

Мекеменин жетекчиси кошумчалагандай, система 1-апрелден пилоттук режимде иштей баштайт, ал эми 2026-жылдын 1-июлунан тартып толук ишке киргизилет.

Такиров белгилегендей, жүк жөнөтүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн эки негизги талап бар:

Биринчи — товар кабыл алынганын тастыктаган документтердин болушу.
Экинчи — камсыздоо төлөмүн жүргүзүү.

Бул үчүн атайын форма Россиянын салык кызматынын системасында жеткиликтүү болот. Россиядагы өнөктөш — Федералдык салык кызматы(ФСК) системасында катталган жүк алуучу — бул документти түзүп, камсыздоо суммасын киргизиши керек.

Такировдун айтымында, камсыздоо төлөмү электрондук эсеп-фактураларда көрсөтүлгөн КНС жана акциздердин негизинде эсептелет. Бул каражат Россиядагы өнөктөш тарабынан ФФСКтин атайын эсебине төлөнөт.

"Товарды кабыл алуу тууралуу документ түзүлүп, төлөм жүк жөнөтүлгөнгө чейин кеминде эки күн мурда жүргүзүлүшү керек. Эгерде товар Россияга төлөмдү жана жүк документин тастыктаган QR-кодсуз жөнөтүлсө, чек арадагы мобилдик топтор жүктү кайра артка кайтарып жибериши мүмкүн", — деди ал.

Жыйынтыгында Урмат Такиров кыргызстандык ишкерлерди Россиядагы өнөктөштөрү менен бул маселелерди алдын ала тактап, жаңы талаптарды так сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү. Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Тандоонун жыйынтыгында: * Бишкекте 11 аял, * Ошто 5 аял

Сот аткаруучулары карызкордон  2,4 млн сом өндүрүштү

Сот аткаруучулары карызкордон 2,4 млн сом өндүрүштү

Бишкек шаарынын сот аткаруучулар кызматынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бөлүмүндө К.Н. аттуу карызкорго карата салык карызын өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү болгон. Маалыматка ылайык, карыз Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пайдасына өндүрүлүшү керек болчу. Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, мажбурлап аткаруу чараларынын жыйынтыгында карыз толугу менен өндүрүлдү. Жалпы

Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Asman Airlines компаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасап, европалык Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев абитуриенттерден алынчу жалпы республикалык тестти (ЖРТ) акысыз кылууну сунуштады. Ал өзү абитуриент болуп жүргөн учурду эске салып, андагы тапшыруу сынагынын баасы 280 сом болгонун, кийин ЖРТда ар бир предмет үчүн 200 сомдон алынып жатканын белгиледи. Депутаттын пикиринде, мындай баа социалдык абалы жакшы эмес үй-бүлөлөргө түйшүк