Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал эми Казакстандан 35,8 млн доллар которулган.

Алыскы чет өлкөлөрдөн келген каражаттардын көлөмү 198 млн долларды түздү. Анын ичинен:

  • АКШдан – 107,8 млн доллар;
  • Түркиядан – 11,8 млн доллар;
  • Түштүк Кореядан – 2 млн доллар;
  • башка өлкөлөрдөн – 101,9 млн доллар келип түшкөн.
"Ошол эле учурда 2025-жылдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөлөргө 373,7 млн доллар которулган",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана үрөнчүлүк чарбаларды колдоо боюнча МинКабдын иш-чаралар планын ишке ашырууда бир катар системалык кемчиликтер белгиленди. Аудит көрсөткөндөй, үрөнчүлүк чарбаларына дотациялык каражаттарды

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун Арал–Казарман участогунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкөн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Тазалоо иштерин №18 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда бул тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулган. Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ош–Сары-Таш–

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды. И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү. Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары