Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана үрөнчүлүк чарбаларды колдоо боюнча МинКабдын иш-чаралар планын ишке ашырууда бир катар системалык кемчиликтер белгиленди.

Аудит көрсөткөндөй, үрөнчүлүк чарбаларына дотациялык каражаттарды бөлүү аркылуу айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү жана сапаттуу сорттук үрөндөр менен камсыз кылууга багытталган чаралар толук кандуу жыйынтык берген эмес.

Иш жүзүндө жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 166,7 млн сом өздөштүрүлгөн, бул каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн болгону 30,7%ын түзөт.

Мындан тышкары, айрым учурларда бюджеттик мыйзамдардын талаптары сакталбай, дотациялык каражаттар сметада алдын ала бекитилбестен жана тиешелүү ченемдик бекитүүсүз каржыланганы аныкталды.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилде үрөнчүлүк тармагына мамлекеттик дотация катары 197,5 млн сом каралган.

2020–2025-жылдары дотация программасына 26 126,6 тонна үрөн киргизилген, анын ичинен 16 628,2 тоннасы же 63,6%ы гана сатылган. Бул жагдай суроо-талапты пландоонун жетишсиздигин, логистиканын алсыздыгын жана фермерлер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигин көрсөтүп турат.

Жалпысынан үрөн чарбалары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн үрөн менен болгону 13,5%га камсыз кылган, ал эми мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү 3%ды гана түзгөн.

2020–2025-жылдары дотация программасына жазгы себүү үчүн орточо 31 чарба, ал эми күздүк себүү үчүн 25 чарба гана катышкан.

Мындан тышкары, аймактык комиссиялардын ишинде да кемчиликтер аныкталган. Алар үрөн чарбаларынын ишине карата мониторингди талаптагыдай жүргүзүшкөн эмес жана ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында корутундулар менен сунуштарды беришкен эмес.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады

УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады

Ош облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылардын ири көлөмдөгү жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, табылган курал-жарактар "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон. Текшерүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар алынган: * 12 даана Калашников автоматы (АК); * 2 даана согуштук тапанча

Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Долбоор Президенттин тапшырмасы менен сугат тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында

Нарын облусунда 200 млн долларлык күн электр станциясы курулат

Нарын облусунда 200 млн долларлык күн электр станциясы курулат

Нарын облусунун Кочкор районунда 325 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Турукташтыруу режимине кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана аны андан ары эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу Турукташтыруу режимине кол коюлду.

Караколдун туризм тармагына эл аралык сертификат ыйгарылды

Караколдун туризм тармагына эл аралык сертификат ыйгарылды

"Дестинация Каракол" коомдук бирикмеси туруктуу туризм боюнча Travelife Certified эл аралык сертификатына ээ болду. Сыйлык 2026-жылдын 4-мартында Германиянын Берлин шаарында өткөн ITB Berlin эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында тапшырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Travelife Certified сертификаты уюмдун ишмердүүлүгү туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмдин эл аралык стандарттарына