Караколдун туризм тармагына эл аралык сертификат ыйгарылды

Караколдун туризм тармагына эл аралык сертификат ыйгарылды

"Дестинация Каракол" коомдук бирикмеси туруктуу туризм боюнча Travelife Certified эл аралык сертификатына ээ болду. Сыйлык 2026-жылдын 4-мартында Германиянын Берлин шаарында өткөн ITB Berlin эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында тапшырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Travelife Certified сертификаты уюмдун ишмердүүлүгү туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмдин эл аралык стандарттарына жооп берерин тастыктайт. Бул макамды алуу үчүн экологиялык жоопкерчилик, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана маданий мурастарды сактоо сыяктуу 200дөн ашуун критерий аткарылышы талап кылынат.

Бул жетишкендик Каракол шаарында жана Ысык-Көл аймагында туруктуу туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Сертификатка жетишүү мамлекеттик, муниципалдык жана эл аралык уюмдардын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Демилгени ишке ашырууга Helvetas, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Каракол шаарынын мэриясы колдоо көрсөттү.

Travelife Certified сертификаты Кыргызстанда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнү экологиялык жоопкерчиликтүү туристтик багыт катары эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен