Кыргызстан 3D-протездөө технологиясын киргизди
5-мартта Эмгек министрлигине караштуу республикалык протез-ортопедия борборунда 3D-сканер жана 3D-принтердин презентациясы өттү. Бул жабдуулар француздук өндүрүштөгү жана модернизация планынын алкагында алынган.
Бул жабдуулар республикалык бюджеттен 45 850 еврого алынган. Протездөөдө 3D-технологияны колдонуу КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу киргизилип жатат. Мекеме 13 миңден ашуун майыпты тейлейт.
Алардын ичинен:
- Буттун ылдыйкы бөлүгүнө протез алгандар: 1 396
- Буттун жогору жагына протез алгандар: 443
Ошондой эле мекеме 150дөн ашык түрдүү протез-ортопеддик продукцияны индивидуалдуу жасайт.
Иш-чарага вице-премьер министр Эдиль Байсалов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси, профсоюздардын өкүлдөрү, Исхак Раззаков атындагы КМТУ, жабдууларды өндүргөн компания, Россия жана Өзбекстандан чакырылган өнөктөштөр катышты.
Вице-премьер Эдиль Байсаловдун айтымында, МинКабдын 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык, мекеменин материалдык-техникалык базасын модернизациялоого 100 млн сом каралган. "Бул технологияны киргизүү КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу жасалып жатат. Цифралык чечимдер тактыкты, ыңгайлуулукту жана ар бир адамга индивидуалдуу мамилени камсыз кылат",-деди ал.