"Манас Ордо" комплекси 31-августка чейин реконструкцияланып бүтөт

"Манас Ордо" комплекси 31-августка чейин  реконструкцияланып бүтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев иш сапары менен Талас облусуна барды. Иш сапардын алкагында спикер "Манас Ордо" улуттук комплекси менен таанышып, ремонттук жана реконструкциялык иштердин жүрүшүн көрдү.

Марлен Маматалиев белгилегендей, "Манас" эпосу кыргыз элинин маданий жана руханий мурастарынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

"Бул тарыхый жер абдан маанилүү. Реконструкция иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Иштер бүткөндөн кийин зыяратчылар жана туристтердин саны көбөйөт. Бул, өз кезегинде, облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жана экономикалык өнүгүүгө оң таасир берет", — деди Марлен Маматалиев.

Ал ошондой эле комплексти Эгемендүүлүк күнүнө чейин реконструкциялоону бүтүрүүнү эскертти жана жооптуу кызматкерлерди бардык иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө чакырды.

"Манас Ордо" комплекси 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынан кийин түзүлгөн, ал эми 2001-жылы улуттук статуска ээ болгон. Комплекстин жалпы аянты: 225 гектар. Анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ипподром жана башка маданий объекттер жайгашкан. Азыркы учурда жаңы имараттардын курулушу жана инфраструктуранын модернизациясы жүрүүдө

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media