Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти.

Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты.

Жолугушууларда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик саясат, каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттерге жетүүсүн жакшыртууда Кепилдик фондунун ролу талкууланды.

Жапон делегациясы менен алгачкы жолугушуу Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаевдин катышуусунда өттү. Анда чакан жана орто ишкердикти колдоо өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон калып жатканы белгиленди. Министр Кепилдик фондунун ишкердикти өнүктүрүүдө жана ишкерлердин каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Экинчи жолугушуу Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда өттү. Анда Малик-Айдар Абакиров Кепилдик фондунун ишмердүүлүгү жана анын ишкерлерди колдоодогу ролу тууралуу маалымат берип, учурда 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Жапон тарап өз кезегинде Японияда кредиттик кепилдик системасынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт:

Бишкекте жаратылыш ресурстары тармагына жаңы административдик хаб курулууда

Бишкекте жаратылыш ресурстары тармагына жаңы административдик хаб курулууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүй облусу жана Бишкек шаары үчүн бирдиктүү административдик мейкиндик түзүү долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында үч кабаттуу жаңы имараттын курулушу белгиленген графикке ылайык жана заманбап экологиялык стандарттарды сактоо менен жүрүүдө. Жаңы имаратка Чүй регионалдык башкармалыгы, Бишкек–Аламүдүн башкармалыгы жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык