Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы
Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди.
"Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС) төлөө талап кылынууда. Биз да өз тарабыбыздан чек арада КНС төлөөгө болгон талаптарды күчөтүп жатабыз", — деди ал.
МСК төрагасынын орун басарынын айтымында, ишкерлердин өздөрү да мурда отчетто кызматкерлердин бир бөлүгүн гана көрсөтүп келишкенин моюнга алышкан.
"Мисалы, бир адамда 20 кызматкер иштесе, ал отчетто болгону эки-үчөөнү гана көрсөтчү — муну өздөрү да моюнга алышты. Азыр өткөндү кайра эске алып, баарын кайра көтөрүү — мындай айтканда, пайда алып келбейт. Ошондуктан биз бүт тармак ишти жаңы барактан башташын каалайбыз", — деп белгиледи ал.
Ысабековдун маалыматы боюнча, расмий түрдө тигүү тармагында 10–13 миңдей адам катталган — булар үчүн киреше салыгы төлөнүп жаткан адамдар. Ал эми тармактын ичинде иштегендердин саны мындан алда канча көп деп бааланууда — 100 миңден 200 миңге чейин.
"Биз жок дегенде 50–100 миң адамды расмий түрдө көрсөтө алабыз деп ойлойбуз. Анткени бул камсыздандыруу төлөмдөрү — биздин жарандардын келечектеги пенсиясы", — деди ал.
Ал ошондой эле жумуш орундарын мыйзамдаштыруу салык чогултуу үчүн гана эмес, кызматкерлердин социалдык корголушу үчүн да маанилүү экенин кошумчалады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө төлөнгөн кичине камсыздандыруу төлөмдөрү да келечектеги пенсияга таасир этет, ал эми расмий жумуш орундардын көбөйүшү мамлекетке пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.