Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди. 

Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын:

  • 82 млн сому семиртүү үчүн мал сатып алууга,
  • ал эми калган 68 млн сому өндүрүш чынжырына катышкан тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Бул каражат төмөнкү катышуучуларга багытталат:

  • мал семиртүү менен алектенген компанияга,
  • мал жеткирүүчүгө,
  • продукцияны сатуу менен алектенген катышуучуга.
Эксперттин эсептөөлөрүнө ылайык, бул каражатка бир кластер болжол менен 400–450 баш ири мүйүздүү мал сатып алып, семирте алат.
"Бишкек шаарында күн сайын 300–400 бука союлат. Эгер ушуну эске алсак, бир кластер бере ала турган эттин көлөмү жалпы керектөөнүн болжол менен 1%ына туура келет. Анткени 450 баш малды семиртүү үчүн болжол менен 6 ай убакыт талап кылынат", — деди Мамытканов.
Ал кошумчалагандай, 10 ушундай кластер түзүлгөн күндө да жалпы көлөм 4500 баш малга жетет. Азыркы керектөө деңгээлинде бул рынокту болжол менен 100 күнгө гана камсыздай алат.

Ошол эле учурда эксперт бул долбоор тармак үчүн маанилүү демилге экенин белгиледи, анткени ал пилоттук мүнөзгө ээ жана келечекте кеңейтүүгө мүмкүн.

Анын пикиринде, эгер мындай программаларга жыл сайын, мисалы, 1,5 млрд сомдон каржылоо бөлүнүп турса, анда бир нече жылдын ичинде бул механизмди олуттуу түрдө кеңейтүүгө болот.

Ошондой эле ал пилоттук долбоор алгачкы этапта токтоп калбай, мындан ары да өнүктүрүлүшү абдан маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген: * шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты; * Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы; * Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы; * Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы. "Өткөн жылы  Финансы