"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда.
"Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аталган жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөө үчүн тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле 2026-жылдын 11-мартынан тартып ашкананын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө көрсөтмө берилген. Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.