Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү
2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө.
- Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%.
- Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү.
- Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га өстү.
- Амбулатордук медициналык кызматтар жана транспорт кызматтары — ар бири 9,2%га кымбаттады.
- Ал эми жеке транспорт каражаттарын тейлөө жана ремонттоо кызматынын баалары — 0,6%га гана өстү.
Бул маалыматтар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтериндеги акыркы өзгөрүүлөрдү так көргөзүүдө.