ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5% бажы алымын кайра киргизүү сунушталды
Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ аймагына LED экрандар жана башка жарык диоддуу лампаларды импорттоодо бажы алымын киргизүү боюнча долбоор каралып жатат.
Маалыматка ылайык, импорттук бажы алымы ставкасын киргизүү сунушу Кыргызстан тарабынан сунушталган. Учурда Евразия экономикалык комиссиясынын чечим долбоору 2026-жылдын 23-мартына чейин коомдук талкууда турат.
Документке ылайык, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи боюнча импорттук бажы алымынын ставкасын товарлардын бажы наркынын 5% өлчөмүндө белгилөө сунушталууда. Бул тариф Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы чечими менен бекитилген.
Сунушталган ставка 2030-жылдын 31-декабрына чейин колдонулушу мүмкүн. Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери ЕАЭБ аймагында айрым түрдөгү LED лампаларына импорттук бажы алымынын нөлдүк ставкасы колдонулуп келген.
Ал кезде Евразия экономикалык комиссиясы энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу жабдууларын колдоо максатында жеңилдик киргизген.