Садыр Жапаров атамекендик шприцти сатып алууну текшерүү тапшырмасын берди

Садыр Жапаров атамекендик шприцти сатып алууну текшерүү тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров  Жогорку Кеңеш жыйынында шприц сатып алууларды текшерүүнү жана ата мекендик өндүрүштү колдоого көңүл бурууну тапшырды.

Жыйында депутат Айгүл Карабекова Кыргызстанда өндүрүлгөн шприцтердин  мамлекеттик сатып алуулардагы үлүшү азырынча аз бойдон калып жатканын билдирди.

Президент мындан 4–5 жыл мурун мамлекет бул өндүрүштү колдогонун эске салды.

"4–5 жыл мурун министр болуп Алымкадыр Бейшеналиев иштеп турган. Ошондо биз жардам берип, пайызсыз кредит бергенбиз. Андан кийин ишкана, сыягы, бутуна туруп калды. Азыр ишкана болжол менен 500 миңге жакын шприц чыгарат, бирок анын аз гана бөлүгү ички рынокто сатылууда. Кыргызстанда сатылганы өтө эле аз. Министр, муну эске алып коюңуз. Бүгүн эле ревизия жүргүзүңүздөр — шприцтер кайдан сатып алынып жатат? Эмне үчүн өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны албай жатасыздар?» — деди Жапаров.

Ал бул маселеге Адылбек Касымалиев да тартылганын белгиледи.

"Мен Министрлер кабинетинин төрагасына бул маселени көзөмөлдөөнү тапшырдым. Ал азыртан эле барып, абалды текшерип жатат", — деп кошумчалады президент. Мамлекет башчысы министрликтерди жана мамлекеттик түзүмдөрдү ата мекендик продукцияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

"Бүт республика боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга көңүл буруу керек. Министрликтер, депутаттар, куруучулар — баары ата мекендик өндүрүшкө басым жасашы керек", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда. "Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы, 126 метр узундуктагы транспорттук туннелди казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жеткирүүнү камсыздайт. Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы

Мамлекеттик сыйлыктар 47ден 20га чейин кыскарат

Мамлекеттик сыйлыктар 47ден 20га чейин кыскарат

Мамлекеттик сыйлыктар формалдуулук үчүн эмес, чыныгы эмгеги сиңген инсандарга берилип, алардын кадыр-баркы жогору болушу шарт экенин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди. Жыйында депутат Камила Талиева "Эл мугалими" наамын кайтаруу жана "Эл акыны" наамын сактап калуу сунушун киргизип, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн сыйлыкты мамлекет башчысынын колунан

Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет,— мэрия

Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет,— мэрия

Бишкекте унааларды токтотуу үчүн сааттык төлөм киргизүү жарандардын коомдук транспортко өтүүсүнө түрткү берерин мэриянын унаа токтотуучу жайларды уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кубанычбек Иманалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жай үчүн төлөм өтө арзан болгондуктан (күнүнө 25 сом), айрым айдоочулар унааларын бир жумага же бир айга чейин