Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду
Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди.
Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду.
Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен макулдашуу аркылуу пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катыша алышат.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, пилоттук долбоордун оң жыйынтыктары катышуучулардын тизмесин кеңейтүүгө негиз болгон.
Учурда долбоорго коомдук тамактануу жайлары, мейманканалар жана май куюучу станциялар дагы катышууда. Долбоор башталгандан бери 798 ишкердик субъект кошулуп, алар 955 коомдук тамактануу жайынкамтып, жалпы 1 миң 190 кассаны колдонууда.
Белгиленгендей, фискалдык программалык камсыздоого кошулганга чейин ишканалардын орточо күнүмдүк кирешеси 105,3 миң сомду түзсө, азыр бул көрсөткүч 213,1 миң сомго чейин өстү. Өсүү темпи 202,1%дытүздү.
Салык кызматы бул көрсөткүчтөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүүнүн оң таасирин жана эсептешүүлөрдүн ачык-айкындуулугунун жогорулаганын көрсөтөрүн белгилейт.
Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү салыктык башкарууну санариптик трансформациялоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ал финансылык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы азайтууга жана бизнес жүргүзүү үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.