Ош шаарынын мэри ишкерлер менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады
Күн мурун Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарда иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагында иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин айтып, ишкердик жүргүзүүдө кездешкен айрым маселелерди көтөрүштү. Мэр бул маселелерди кароо жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилерин билдирди.
Жанарбек Акаев мындай жолугушуулар ишкерлер менен тыгыз байланыш түзүү жана шаарда бизнес чөйрөнү жакшыртуу максатында мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын белгиледи.


