Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?
Депутат Жылдыз Курманалиева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Бонецкий лабораториясында оор абалдагы бейтаптар үчүн берилүүчү жеңилдиктер эмне үчүн 50%дан 40%га чейин төмөндөп кеткенине кызыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева учурда лаборатория 40%дык арзандатуу берип жатканын жана ал дагы деле күчүндө экенин айтты. 50%дан төмөндөшүнө реагенттердин кымбатташы себеп болгон.
"Азыркы учурда биз лаборатория менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оор абалда жаткан бейтаптар үчүн жеңилдикти кайрадан 50%га чейин калыбына келтирүүнү пландап жатабыз", - деп белгиледи Ибраева.