Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды
Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди.
"Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким сатып алгандыгы азырынча айтылган жок. Аукцион алдында Christie's бул Fender Stratocaster гитарасы 2 млн доллардан 4 млн долларга чейин сатылышы мүмкүн деп божомолдогон.
Буга чейин дүйнөдөгү эң кымбат гитара деп 1959-жылы чыгарылган электроакустикалык Martin D-18E эсептелип келген. Аны Курт Кобейн — Nirvana тобунун лидери — 1993-жылы өткөн белгилүү MTV Unplugged in New York концертинде колдонгон. Бул гитара 2020-жылы аукциондо 6 млн долларга сатылган.
Ошол эле аукциондо Курт Кобейн колдонгон дагы бир гитара — көк түстөгү Fender Mustang да сатылды. Ал гитара Smells Like Teen Spirit ырынын клибин тартууда колдонулган жана анын баасы 6,9 млн долларды түзгөн.
Бул музыкалык аспаптар 2025-жылы каза болгон америкалык миллиардер Джим Ирсейдин коллекциясына таандык болгон. Аукциондо рок жылдыздарына таандык дагы бир нече музыкалык аспаптар да сатууга коюлган.