Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты. “Дана Агро” чарбасы 2015-жылдан бери асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында иш алып барып келет.

Учурда чарбада жалпысынан 142 баш ири мүйүздүү мал багылууда. Алардын ичинен 57 баш торпок, 7 баш музоо бар. Чарбда негизинен симментал, голштино-фриз жана швиц породасындагы асыл тукум малдар багылат.
Фермада өндүрүлгөн сүттүн көлөмү суткасына орточо 2 тонна 800 литрди түзөт. Өндүрүлгөн сүт жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларга, атап айтканда "Кантсүт" жана "Жайылсүт" ишканаларына өткөрүлөт.

Министр Эрлист Акунбеков асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү айыл чарба тармагындагы маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, мындай чарбалардын ишмердүүлүгүн колдоо, өндүрүштү көбөйтүү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын чыгаруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо чоң роль ойной турганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз

ЦУМдун жанындагы 3 кабаттуу имарат толук бузулат

ЦУМдун жанындагы 3 кабаттуу имарат толук бузулат

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имарат толугу менен бузулары имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынганын "Азаттык" жазды. Аталган компаниянын маалыматына караганда, бул имараттын кожоюндары башка. Бузууга байланыштуу техникалык жумуштарга Old Bishkek долбоорунун өкүлдөрү жардам