Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин тизмесин бекитүүнү сунуштады
Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилүүчү полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Документ полимер пакеттеринин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча айрым пластик буюмдардын жүгүртүүсүнө тыюу салынат. Ал эми сунушталган тизме өткөөл мезгил үчүн так эрежелерди белгилөөгө багытталган. Жүгүртүүгө табийгый чирий турган таңгактар жана кайра иштетүүгө жарактуу буюмдар гана уруксат берилет.
Мындай чектөөлөрдүн киргизилиши чоң экологиялык көйгөй менен түшүндүрүлөт: Кыргызстандагы таштанды полигондорундагы калдыктардын болжол менен 26%ын пластик жана полиэтилен пакеттер түзөт.
2024-жылы полиэтилен пакеттеринин импорту 15 400 тоннага жетсе, өлкө ичиндеги өндүрүш болгону 708 тоннаны түзгөн. Пластик менен булгануу өзгөчө ЮНЕСКОнун биосфералык коругу болуп саналган Ысык-Көл көлү үчүн чоң коркунуч жаратат.
Эскертүү:
— пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин жүгүртүүсү деген түшүнүккө аларды өндүрүү, колдонуу, сатуу жана соода же кызмат көрсөтүү тармагында акысыз таратуу кирет жана бул аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлөт.
— табийгый чирүүчү таңгак — микроорганизмдердин биологиялык активдүүлүгүнүн таасиринен компосттолуп, аэробдук ажыроо аркылуу көмүр кычкыл газы, суу, минералдык туздар жана жаңы биомассага, же анаэробдук ажыроо аркылуу көмүр кычкыл газы, метан, минералдык туздар жана жаңы биомассага айлана алган таңгак.
— пакеттер жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштер коопсуздук талаптарына ылайык Бажы биримдигинин "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 005/2011) жооп бериши керек.