Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү
Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады.
Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.
Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү.
Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%га төмөндөп, унциясы 77,775 долларды түздү.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!