Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган
"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында быйыл өлкөдө 9 млн көчөт отургузуларын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын бекитилген иш планга ылайык, республика боюнча отургузулган көчөттөрдүн саны өсүүдө:
- 2022-жылы: 6 млн түп;
- 2023-жылы: 7 млн түп;
- 2024-жылы: 8 млн түп;
- 2025-жылы: 8,5 млн түп.
“Аталган 4 жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда 30 млн түпкө жакын көчөт отургузуу планы аткарылууда. Отургузулган көчөттөрдүн орточо эсеп менен 70%ы өнүп кетсе, бул 22-23 млн түп дарак дегенди билдирет. Чынында Кыргызстандын шартында токой өстүрүү кыйынчылык жаратат. Анткени климаттык шарттар жана өлкөнүн деңиз деңгээлинен бийик жайгашуусу өсүмдүктөрдүн өсүшүн жайлатат. 3-4 жылда эле дароо жыйынтык чыгаруу кыйын”, — деди Мусаев.
Учурда жергиликтүү айыл өкмөттөрдөн баштап министрликтерге чейин "Жашыл мурас" кампаниясын өткөрүү пландары такталып, жакынкы күндөрдө көчөт отургузуу иштери башталары кошумчаланды.