ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясына бөлүнгөн бюджет 2026-жылы үч эсеге көбөйүп, 3 млрд рублден 9 млрд рублге жеткенин кечээ брифингде ЕАЭБдин Ишкерлер кеңешинин президиум мүчөсү Данил Ибраев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы бул максаттарга 3 млрд рубль каралган болсо, 2024-жылы болжол менен 1,8 млрд рубль болгон. Ошентип, 2024-жылга салыштырмалуу каржылоонун көлөмү беш эсеге өскөн.
Ибраев түшүндүргөндөй, кеп үч же андан көп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн резиденттери катышкан кооперациялык долбоорлорду колдоо жөнүндө болуп жатат. Мындай долбоорлор бирдиктүү товарды түзүүнү карайт, ал кийин бирликтин ички рыногунда да, экспортко да сатылышы мүмкүн.

Ал ошондой эле колдоо механизмдеринин бири катары насыялар боюнча пайыздык ченди субсидиялоо каралганын билдирди. Бул кооперациялык долбоорлордун катышуучулары үчүн насыя каражаттарынын баасын олуттуу түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
"Мисалы, азыр Россияда Борбордук банктын эсептик чени 15,5% болсо, насыяны шарттуу түрдө 21–22% менен алганда, жыйынтыгында анын наркы 6–6,5% тегерегинде болот", — деди Ибраев.
Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстан бул багытта алгачкы ийгиликтерге жетише алды. Биринчи макулдашылган долбоор — компьютердик техникалар үчүн корпустарды өндүрүү болду.
"Жакын арада сиздин үстөлүңүздө турган ноутбук Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда, өндүрүштүн белгилүү бир бөлүгү — корпусу — ушул жерде жасалган болушуна үмүттөнөм", — деди ал.