Аргентина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты
Аргентина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) мүчөлүгүнөн чыкты. Бул чечим расмий билдирүүдөн бир жыл өткөн соң, шейшемби күнү күчүнө кирди. Бул тууралуу, DW маалымдагандай, өлкөнүн тышкы иштер министри Пабло Кирно билдирди.
"Биздин өлкө саламаттык сактоо тармагында эл аралык кызматташтыкты эки тараптуу келишимдер жана аймактык форумдар аркылуу улантат, ошол эле учурда өзүнүн суверенитетин жана саламаттык саясаты боюнча чечим кабыл алуу укугун толук коргойт", — деп жазды Кирно X социалдык тармагында.
Так бир жыл мурун Аргентина бийлиги Антониу Гутерришке ДССУдан чыгуу ниети тууралуу билдирген. Өлкө президенти Хавьер Милей бул кадамды COVID-19 учурунда ВОЗ жүргүзгөн саясатка макул эместиги менен түшүндүргөн.
Ушуга окшош чечимди Аргентинага чейин болжол менен бир ай мурда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кабыл алган. Ал чечим январь айынын аягында күчүнө кирген.
АКШ 1948-жылы түзүлгөн жана 190дон ашуун мүчөсү бар ДССУдан чыккан биринчи өлкө болду. Трамп ДССУну коррупция, натыйжасыздык жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн саясий басымына баш ийүүдө деп айыптаган.
АКШ жана Аргентина кабыл алган чечимдерге байланыштуу уюм жетекчилиги кызматкерлердин санын кыскартууда. Жыл аягына чейин уюмдун кызматкерлеринин 25%ы жумуштан бошотулары күтүлүүдө.