Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант жана күрүч сатып алып, кийин сатуудан түшкөн пайданы тең бөлүшөбүз деген шылтоо менен биргелешкен бизнеске акча салууну сунуштаган.
Ошентип, З.П. арыздануучудан 2 млн 950 миң сом алып, бир айдын ичинде кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин жашырынып кеткен жана бүгүнкү күнгө чейин милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран Бишкек шаардык ГУВДнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда керектүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.