Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн
Улуттук статистика комитети өткөргөн басма сөз жыйынында 2025-жылдагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жарыяланды.
Улуттук статистикалыккомитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 881,5 миң тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп.
Көлөмү жана өсүү темпи боюнча Чүй облусу лидер болду. 2025-жылы бул аймакта 495,5 миң тонна сүт өндүрүлүп, 2024-жылга салыштырмалуу 7% өсүш көрсөттү.
Тармакка негизги салымды үч аймак кошот — Чүй облусу, Жалал-Абад облусу жана Ош облусу. Алар биргелешип республикадагы сүт өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 66%ын түзөт.